XXI КЫЛЫМ КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫ ЖАНА ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК МОДЕЛДЕРИ: ТЕОРИЯЛЫК ЖАНА ПРАКТИКАЛЫК МААНИСИ

Authors

  • Жусуева Сюита Калмаматовна Author

Keywords:

XXI кылым компетенциялары, 4К модели, 5Е модели, Кайдзен, AIDA модели, инновациялык окутуу, билим берүүнүн сапаты, компетенттүүлүк, педагогикалык практика.

Abstract

Бул макалада XXI кылымдын негизги компетенциялары жана 
аларды билим берүү системасында колдонуунун инновациялык моделдери 
комплекстүү талдоого алынды. Глобалдашуу жана санариптешүү шартында 
окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, командада 
иштөө жана коммуникация жөндөмдөрүн өнүктүрүү зарылдыгы негизги маселе 
катары каралат. Изилдөөдө “4К”, “5Е”, “Кайдзен” жана “AIDA” моделдеринин 
теориялык негиздери жана алардын практикалык мааниси терең баяндалган. 
Авторлор “4К” модели компотенттик мазмунду, “5Е” методикалык түзүмдү, 
“Кайдзен” сапатты башкарууну, ал эми “AIDA” окутуунун мотивациялык 
компонентин камсыздаарын белгилеген. Изилдөөнүн максаты аталган 
моделдерди интегра-циялоо аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун 
жана окуучулардын интеллек-туалдык потенциалын өнүктүрүүнүн илимий
методикалык негиздерин аныктоо болуп саналат,. Жыйынтыгында, заманбап 
билим берүү парадигмасында бул инновациялык ыкмаларды системалуу колдонуу 
окуучуларды тез өзгөрүп жаткан шарттарга даярдоонун башкы фактору экени 
далилденген.

References

1. Гускова Н.Д., Вдовин С.М., Краковская И.Н., Слушкина Ю.Ю. Билим

берүүнүн сапаты туруктуу өнүгүүнүн негизги маселеси катары //

Европалык изилдөө иштери. – 2016. – 19-том. – 3-чыгарылыш. – 239-257

беттер.

2. Муратов А., Акматов К. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы.

Бишкек-2021;

3. Муратов А., Акматов К. Окутуунун жаны технологиялары. – Б.: 2021.

4. Оторбаев К. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы. Бишкек-2020;

5. Байби Р. В. BSCS 5E окутуу модели: келип чыгышы жана натыйжалуулугу. – Колорадо-Спрингс: BSCS, 2006. – 15 б.

6. Имай М. Кайдзен: Япониянын атаандаштыкка туруштук берүүсүнүн

ачкычы. – Нью-Йорк: МакГроу-Хилл, 1986. – 259 б.

7. Соколова А.В. Концепция «4К» для развития ключевых компетенций XXI

века с использованием искусственного интеллекта https://uronsk.ru/articles2/

8. https://ru.wikipedia.org/wiki/

Published

2026-04-13